2025-жылдын 15-декабрынан тартып Мурас-Ордо конушунун тургундарына ыңгайлуу шарт тузүү максатында Ош базарына чейин жаңы №43 каттам ишке киргизилди.
Аталган каттамды эми Исузу үлгүсүндөгү кичиавтобустар тейлейт.
Мурас-Ордо – Ош базары аралыгында кайсыл көчөлөр менен каттайт?
Ош базар тарапка бара жатканда Манас көчөсү, Почтовый көчөсү, Фрунзе көчөсү, Айланып өтүүчү жол, Юбилейный көчөсү, Ленский көчөсү, Чүй проспектиси менен бара жатып Бейшеналиева көчөсүнө түшөт, ал эми Мурас-Ордого кайтып келе жатканда Москва көчөсү менен Фучик көчөсүнө чыгып, калган маршрутун улантат.
Урматтуу жүргүнчүлөр, коомдук транспортко аяр мамиле жасоо менен таза кармооңуздарды сурайбыз.