Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөсү, спорттук беттештер боюнча спорттун жекеме-жеке түрү боюнча ОРАБӨМдүн тарбиялануучусу Ихтияр Нишонов бокс боюнча  өткөн дүйнө чемпионатында коло медаль жеңип алды.

Бокс боюнча дүйнө чемпионаты 2025-жылдын 2-декабрынан 13-декабрына чейин Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында өткөрүлдү. Дүйнө чемпионатынын алкагында 13 салмактык категория боюнча байгелер ойнотулду. Ихтияр Нишонов 71 кг чейинки салмак категориясында чыгып, Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын намысын коргоду.

Жарым финалдык беттеште кыргызстандык боксчу Казакстан Республикасынын өкүлү Аблайхан Жусупов менен күч сынашты. Беттештин жыйынтыгында Ихтияр Нишонов атаандашына 0:5 эсеби менен утулуп, үчүнчү орунду ээлеп, дүйнө чемпионатынын коло байге ээси аталды.