Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай курулуш жана шаар куруу департаменти муниципалдык аймактык башкармалыктын адистери менен биргеликте жер мунапысына туш болгон объекттер боюнча маалыматтарды тактоо жана комиссиянын кароосуна материалдарды даярдоо үчүн жер тилкелерине жеринде чыгууну улантууда.
Бүгүнкү күндө адистер «Дордой-2»,«Келечек» жана «Ак-Бата» конуштарына жер тилкелерине чыгып тактоону улантышууда..
Бул тактоолорду жүргүзгөндөн кийин, тиешелүү актылар түзүлүп, жер мунапысы боюнча комиссиянын кароосуна киргизилет.



