2025-жылдын 11-декабрынан бери Биринчи май районунда жашы жете электердин кылмыштуулугунун, балдардын кароосуз калышынын алдын алуу жана кайыр сураган балдарды аныктоо максатында беш рейд өткөрүлдү.
Рейддер эки этапта — күндүзгү жана түнкүсүн уюштурулуп, түнкү рейддер борбордук Ала-Тоо аянтында өттү. Күндүзгү рейддер район боюнча, анын ичинде Кудайберген жана Сары-Өзөн базарларында, ошондой эле эл көп жайгашкан жерлерде, жер астындагы өтмөктөрдө жана соода борборлорунун жанында өткөрүлдү.
Рейддерге социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери, райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электердин иштери боюнча инспекциясынын, райондук билим берүү бөлүмүнүн башкармалыгынын жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын кызматкерлери катышты.
Рейддердин жүрүшүндө жашы жете электер менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, алардын коопсуздугу, укуктарын коргоо жана балдарды мыйзамсыз эмгек ишмердигине тартууга жол бербөө маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Бул багыттагы иштер улантылат.



