Коомчулуктун кайрылууларын эске алуу менен, 2025-жылдын 19-декабрынан тартып №195 каттамдын кыймыл чиймесине өзгөртүүлөр киргизилди.

Бул чечим айрым көчөлөрдө жашаган азиз жана көрүүсү начар жарандардын кайрылууларынын негизинде кабыл алынды. Аталган тургундар үчүн коомдук транспортко жеткиликтүүлүктү жакшыртуу, коопсуз жана ыңгайлуу жүрүү шарттарын түзүү негизги максат болуп саналат.

Урматтуу шаар тургундары, коомдук транспортко аяр мамиле жасап, аны таза кармооңуздарды суранабыз.