Борбор калаада "Бишкексельмаш" отканасынын  ачылышы болуп, ага шаардын мэри Айбек Джунушалиев катышты.

Мэр   ачылыш  менен куттуктап, анын шаар тургундары үчүн маанисин белгиледи.

"Иштердин жыйынтыгында шаар тургундары үчүн ишенимдүү, үнөмдүү жана экологиялык жактан таза жылуулук менен камсыздоо түзүлөт", - деди мэр.

Айбек Джунушалиев ошондой эле ишкананын кызматкерлерине кайрылып:

"Сиздердин эмгегиңиздин аркасында бүгүн шаар үчүн маанилүү объект ишке киргизилүүдө. Ар бириңиздерге терең ыраазычылык билдирем",-деди.

1974-жылы ишке киргизилген жана "Бишкекжылуулукэнерго" ишканасына таандык откана  этап-этабы менен оңдолуп жатат. Долбоор техникалык жоготууларды азайтууга, жылуулук менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана жылуулук энергиясынын баасын төмөндөтүүгө багытталган. Буга чейин техникалык жоготуулар 50% га чейин жеткен. Долбоордун жалпы наркы болжол менен 206 миллион сомду түзөт, анын ичинен 200 миллион сому Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан бөлүнгөн.

Бүгүнкү күнгө карата откананын  биринчи этабы 13 000 кардарды жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылат.

Объекттин дагы бир уникалдуу өзгөчөлүгү - казандарды "Бишкекжылуулукэнерго" кызматкерлери орноткон.

Биринчи фазанын алкагында алты 10 МВт кубаттуулуктагы газ казандарын орнотуу аяктады. Ишке киргизилгенден кийин, жылытуу энергиясынын баасы 6679,78ден Гкал үчүн болжол менен 5500 сомго чейин, ал эми жаңы кардарлар туташканда Гкал үчүн 5000 сомго чейин төмөндөйт.

Экинчи фаза кошумча казандарды орнотууну жана жылуулук тармагын кеңейтүүнү камтыйт, ал эми үчүнчү фаза 100 МВт кубаттуулуктагы когенерациялык блокту жана 110 кВ көмөкчордонду куруу менен байланыштуу.

"Бишкексельмаш" отканасын реконструкциялоо Бишкектин жылытуу системасын модернизациялоодо жана анын энергия натыйжалуулугун жогорулатууда маанилүү кадам болот.