Бишкек шаарынын Ленин районунда жалпы билим берүүчү мектептердин окуучуларынын арасында өткөрүлгөн Мектеп лигасынын беш спорт түрү боюнча мелдешинин жыйынтыгы чыгарылды.
Мектеп лиганын алкагында кыздар жана уулдар арасында волейбол, гандбол жана стол үстүндөгү теннис боюнча мелдештер уюштурулду.
Кыздар арасында волейбол боюнча жыйынтыктар:
* 1-орун — №72 орто мектеби;
* 2-орун — №95 орто мектеби;
* 3-орун — №92 орто мектеби;
* 4-орун — №42 орто мектеби.
Балдар арасында гандбол боюнча жыйынтыктар:
* 1-орун — №44 орто мектеби;
* 2-орун — №31 орто мектеби;
* 3-орун — №96 орто мектеби;
* 4-орун — №13 орто мектеби.
Кыздар арасында гандбол боюнча жыйынтыктар:
* 1-орун — №13 орто мектеби;
* 2-орун — №31 орто мектеби;
* 3-орун — №96 орто мектеби;
* 4-орун — №92 орто мектеби.
Балдар арасында стол үстүндөгү теннис боюнча жыйынтыктар:
* 1-орун — №95 орто мектеби;
* 2-орун — №96 орто мектеби;
* 3-орун — №102 орто мектеби.
Кыздар арасында стол үстүндөгү теннис боюнча жыйынтыктар:
* 1-орун — №95 орто мектеби;
* 2-орун — №77 орто мектеби;
* 3-орун — «Эпсилон» мектеби.
Мелдештин жеңүүчүлөрү жана байге ээлери кубок, медаль жана дипломдор менен сыйланышты. Байгелүү орундарды ээлеген командалар Мектеп лигасынын шаардык этабына катышуу укугуна ээ болушту.
Мелдештерди Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти уюштуруп келет.












