Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) алкагында «Бишкек шаарынын 9-кичирайонунда “CITY Market” заманбап базарын долбоорлоо жана куруу» долбоору боюнча өткөрүлгөн ачык конкурсунун жыйынтыгы менен жеке өнөктөш катары долбоор боюнча эң тең салмактуу, комплекстүү жана экономикалык жактан максатка ылайыктуу сунушту берген "Ак Ордо Булак" ЖЧКсы жеңүүчү деп аныкталды.
Долбоорду ишке ашыруу Бишкек шаарынын 9-кичирайонунун аймагында Байтик-Батыр көчөсү 6а жана Байтик-Батыр көчөсү 4а даректериндеги турак жайлардын ортосунда дүң жана чекене соода үчүн учурдагы талаптарга жооп берген заманбап шаардык инфраструктураны түзүүгө багытталган.
Долбоордун алкагында соода мейкиндигинин ыңгайлуулугун, коопсуздугун жана функционалдуулугун камсыз кылган кичи базарды куруу боюнча заманбап технологиялык чечимдерди киргизүү каралган.
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун кошумча максаттарынын катарына жеткиликтүү жана экологиялык жактан туруктуу шаардык чөйрөнү түзүү, калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын жана сунушталуучу азык-түлүктөрдүн сапатын жогорулатуу, ошондой эле борбор калаанын тургундары үчүн эс алуу жана социалдык өз ара аракеттенүү үчүн ыңгайлуу коомдук мейкиндиктерди калыптандыруу кирет.