2025-жылдын 21-декабрында Бишкек шаарындагы Д. Асанов атындагы Жеңиш паркында эң шаңдуу жана майрамдык маанай тартуулаган спорттук иш-чаралардын бири Santa Run  жарышы  өттү.

Бул жарышка миңге жакын жөө күлүк катышып, 4 чакырым жана 8 чакырым аралыкты багынтышты. Чуркоого каалоочулардын бардыгы — кесипкөй спортчулардан тартып, спорт сүйүүчүлөргө чейин, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар да активдүү катышты.

Марага ийгиликтүү жеткен бардык катышуучуларга эстеликке медалдар тапшырылды. Ал эми 4 км жана 8 км аралыкта эң мыкты жыйынтык көрсөткөн күлүк­төргө медалдар, дипломдор жана демөөрчүлөр тарабынан белектер ыйгарылды.