2025-жылдын 15-декабрынан 22-декабрына чейин Казакстан Республикасынын Кокшетау шаарында Казакстан Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу В. Ю. Пактын жаркын  элесине арналган оор атлетика боюнча Ачык турнир болуп өттү.

Мелдешке оор атлетика боюнча адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резерв мектебинин (ОРАБӨМ) тарбиялануучулары катышып, өз мектебин татыктуу деңгээлде көрсөтүп, байгелүү орундарды ээлешти.

Турнирдин жыйынтыгында төмөнкү спортчулар байге ээлери болушту:
•II орун — Маркаев Эржан;
•II орун — Акималиев Ислам;
•III орун — Бекзатов Мухаммедали;
•III орун — Биримкулов Абдусалам.