Бишкек шаарынын мэриясы  Чүй проспектисинин ачылышына байланыштуу жакынкы күндөрү Киев жана Токтогул көчөлөрүнүн Ибраимов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгүндө бир тараптуу жол кыймылы уюштуруларын билдирет.

Белгиленген өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу үчүн “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы бардык зарыл болгон жол белгилерин орнотот.

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти шаар тургундарын жана конокторун өзгөрүүлөргө түшүнүү менен мамиле жасап, жолдо этият болууга жана жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат.