2025-жылдын 23-декабрында Бишкек шаарындагы №68 мектептин базасында кыргыз тилинде билим берген мектептердин кыргыз тили жана адабияты мугалимдери үчүн «Салттуу окутуудан санарип сабакка өтүү: STEM, 5E модели жана жасалма интеллектке негизделген платформаларды колдонуу менен кыргыз тилин жана адабиятты окутуу» аттуу методикалык семинар болуп өттү.

Семинардын алкагында педагогдор ачык сабактарга жана мастер-класстарга катышышты. №68 мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалимдери заманбап билим берүү платформаларын, инновациялык ыкмаларды жана алдыңкы санариптик технологияларды колдонуу менен практикалык сабактарды жана тажрыйба бөлүшүүчү мастер-класстарды көрсөтүштү.

Иш-чаранын катышуучулары семинар мугалимдердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга, билим берүү процессине жаңы ыкмаларды киргизүүгө өбөлгө түзгөн маанилүү методикалык колдоо болгонун белгилешти.

Семинарга жалпы 85 кыргыз тили жана адабияты мугалими, ошондой эле райондор боюнча мамлекеттик тил боюнча алдыңкы адистер катышты.