2025-жылдын 23-декабрында Бишкек шаарындагы «Газпром — балдарга» дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде Бишкек шаарынын Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеп спорттук жыл жыйынтыгын чыгарууга арналган «Жылдын мыктысы – 2025» аттуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага  конок катары Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин окуу-спорттук, дене тарбия-массалык иш чаралар бөлүмүнүн башчысы Канатбек Маматов, ошондой эле ОРАБӨСОМдүн директору Нурлан Букуев катышты.

Салтанаттын жүрүшүндө коноктор машыктыруучуларга ОРАБӨСОМ тарабынан грамоталар, эстелик статуэткалар жана баалуу белектерди, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин спортту өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ардак грамоталарын тапшырышты.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында мыкты спортчулар, машыктыруучулар, кызматкерлер жана мектептин ардагерлери сыйланып, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча «Мыкты машыктыруучу», «Мыкты спортчу» жана «ОРАБӨСОМдүн ардагери» аталышындагы номинациялардын ээлери аныкталды.

Иш-чара майрамдык маанайда өтүп, музыкалык жана бий программалары менен коштолду. Залга 700гө жакын катышуучу жана мектептин ардагерлери чогулуп, бул иш-чаранын маанилүүлүгүн жана мектептин спорттук жашоосуна болгон жогорку кызыгууну айкын көрсөттү.