2025-жылдын 29-декабрында саат 9:00дөн 22:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат.
Өчүрүү аймагы: "Алтын-Ордо" конушу.
Диаметри 150 мм болгон суу түтүгүн кайра кошуу, диаметри 100 мм болгон түтүккө тээктерди жана диаметри 100 мм болгон өрт гидрантын орнотуу иштерин жүргүзүүгө байланыштуу суу берүү убактылуу токтотулат. Иштер 2-көчө (18-көчө жана 7-көчө менен кесилишкен жер), 8-көчө, 2-көчө жана 1-көчөдө жүргүзүлөт.
"Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.
