2025-жылдын 29-декабрында, жаңы жылдык майрамдардын алдында, Ала-Тоо аянтында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын коомдук тартипти сактоого жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого тартылган өздүк курамынын гарнизондук саптык кароо-инструктажы өткөрүлдү.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Бишкек шаардык ИИББнын башчысы, милициянын полковниги Азамат Токтоналиев, анын орун басарлары, райондордун акимдери жана шаардык кызматтардын жетекчилери катышты.
Шаар башчысы майрам күндөрү күчөтүлгөн режимде иш алып баруунун зарылдыгын белгилеп, адамдар көп чогулган жайларда, соода-көңүл ачуу борборлорунда жана эс алуу аймактарында коомдук тартипти камсыз кылуу жана мыйзамдуулукту так сактоо өзгөчө мааниге ээ экенин баса белгиледи.
«Сиздердин кесипкөйлүгүңүздөрдүн, биргелешкен ырааттуу ишиңиздердин жана кызматтык милдетке жоопкерчиликтүү мамилеңиздердин аркасында жаңы жылдык майрамдар тынч жана коопсуз өтөт деп ишенем. Ар бир шаар тургуну жана борбор калаанын коногу жаңы жылды жакшы маанайда жана коопсуз шартта тосуп алышы керек», — деди Айбек Джунушалиев.
Бишкек шаардык ИИББнын Патрулдук кызмат башкармалыгына жаңы жылдык майрамдар учурунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча көзөмөлдү күчөтүү, ошондой эле транспорт каражаттарын мас абалында башкаруунун алдын алуу жана жол бербөө максатында профилактикалык жана рейддик иш-чараларды жүргүзүү тапшырылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана акимиаттарга адамдар көп чогулган объектилерде өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иштерди күчөтүү тапшырмасы берилди.
Муниципалдык инспекцияга жана акимиаттарга жарандар көп чогулган жерлерде, айрыкча, санитардык нормаларды жана белгиленген эрежелерди милдеттүү түрдө сактоо менен башаламан сооданы алдын алуу жана токтотуу боюнча иш-чараларды уюштуруу милдеттендирилди.
Гарнизонго 600 милиция кызматкери катышып, 45 даана автоунаа тартылды.
Белгилей кетсек, жаңы жылдык майрамдар учурунда борбор калаанын милициясы күчөтүлгөн кызмат өтөө режимине өтөт.
Иш-чара өздүк курамдын салтанаттуу жүрүшү менен жыйынтыкталды.
















