Майыптыгы бар адамдарга кызмат көрсөтүүчү «Аяр» реабилитациялык борборунда жаңы жылдык иш-чара   өткөрүлдү.

Иш-чаранын алкагында борбор кызмат алуучулардын чыгармачыл өнөрлөрүнөн программа даярдап, майрамдык маанай жана жаңы жылдык атмосфера түзүлдү.

Иш-чаранын урматтуу коноктору болуп, Жогорку Кеңештин депутаты Гульнара Акимбаева жана Бишкек шаардык кеңешинин «Эмгек» фракциясынан депутаты Элизавета Алымбаева катышып, борбордун кызмат алуучуларын келе жаткан жаңы жыл  менен куттукташты.

Коноктор катышуучуларга ден соолук, бакубатчылык жана ийгилик каалап, ошондой эле жаңы жылдык белектерди, жылуу кийимдерди, бут кийимдерди жана башка керектүү буюмдарды тапшырышты.

Иш-чара жылуу маанайда өтүп, борбордун кызмат алуучуларына позитивдүү эмоцияларды жана жаңы жылдык маанай тартуулады.