Жаңы жылдын алдында Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы «Айданек» борборунун тарбиялануучулары үчүн майрамдык иш-чара уюштурду.
Бул жылы Бишкек шаарынын мэриясынын демилгесин колдоп, Башкармалыктын кызматкерлери жаңы жылдык корпоративдик кечеден баш тартып, профсоюздун каражаттарын турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарга жардам көрсөтүүгө багытташты.
«Айданек» борбору Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаментине караштуу мекеме болуп саналат. Борбор убактылуу 3 жаштан 18 жашка чейинки оор турмуштук жагдайга туш болгон балдарды кабыл алып, аларга кам көрүү, тарбия берүү жана социалдык реинтеграциялоо кызматтарын көрсөтөт.
Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын башчысы Атай Муратбек тарбиялануучуларды келе жаткан жаңы жыл менен куттуктап, балдарга жаңы жылдык белектерди тапшырды. Ошондой эле, борбордун педагогикалык жамаатына билим берүү жана административдик иштерди жакшыртуу максатында эки компьютер белекке берилди.


