Жаңы жылды утурлап, Бишкек шаарынын мэриясы "Акун" ЖАК менен биргеликте социалдык жактан аялуу тургундарга гуманитардык жардам көрсөттү.
Шаар мэриясынын жана ага караштуу административдик райондордун жардамы менен гуманитардык жардам борбор калаанын төрт районуна таратылды. Азык-түлүк баштыктары райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарына жеткирилип, ал жерден ар бир райондогу 75 үй-бүлөгө таратылды. Жалпысынан 300 үй-бүлөгө колдоо көрсөтүлдү.
"Үй-бүлөгө көмөк" мамлекеттик жөлөкпулун алуучуларга, оор турмуштук кырдаалдагы үй-бүлөлөргө, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга жана аз камсыз болгон жарандарга жардам көрсөтүлдү.
Ар бир үй-бүлөгө төмөнкүлөр кирген азык-түлүк баштыктары берилди:
* ун - 5 кг;
* макарон - 10 кг;
* кесме (китлап);
* Пахта майы — 5
Жаңы жылдык колдоо үй-бүлөлөр, айрыкча майрамдарга карата социалдык колдоого муктаж болгондор үчүн маанилүү жардам болду.










