Бишкек шаарында мэр Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы астында 2025-жылы өзгөчөлөнгөн кызматкерлерди сыйлоо аземи өттү.

Мэр иш-чаранын катышуучуларын келе жаткан Жаңы 2026-жылы менен куттуктап, аларга чың ден соолук, бакубат жашоо, бакыт, ийгилик жана жаңы кесиптик жетишкендиктерди каалады.

"Ар бириңиздердин борборубуздун өнүгүшүнө, өсүшүнө кошкон салымыңыздар зор.  Сиздердин талыкпас эмгегиңиздер менен калаабыз өнүгүп эле тим болбостон, алдыга арышын кенен таштап, жаңыланууда жана жашарууда. Жаңы жыл жалаң гана оң өзгөрүүлөрдү жана кубанычтуу окуяларды алып келсин", - деп баса белгиледи мэр.

Ак ниет жана үзүрлүү  эмгеги үчүн бир нече шаардык жана мамлекеттик мекеменин адистерине баалуу белектер - кол саат, күмүш төш белги, ардак грамота жана Бишкек шаарынын мэриясынын ыраазычылык каттары  тапшырылды.

Бишкек шаарынын мэриясы  кызматкерлерди татыктуу сыйлыктары менен куттуктайт жана  мындан ары да ийгиликтерди каалайт!