2025-жылдын 29-декабрында Р. Санатбаев атындагы дене тарбия–ден соолукту чыңдоо комплексинде Бишкек шаарынын эркин күрөш боюнча U-17 курактагы өспүрүмдөр арасында биринчилиги болуп өттү.
Мелдештер 45 кг, 48 кг, 55 кг, 60 кг, 71 кг, 80 кг жана 110 кг салмак категорияларында өткөрүлдү. Биринчиликке жалпысынан 145 спортчу катышты.
Мелдеш Кыргыз Республикасынын чемпионатына мыкты спортчуларды тандоо, чеберчилигин жогорулатуу, ошондой эле балдар жана өспүрүмдөр арасында эркин күрөштү өнүктүрүү жана жайылтуу максатында өткөрүлдү.
45 кг салмак категориясы боюнча жеңүүчүлөр:
1-орун — Сыдыков Исматулла;
2-орун — Искандаров Бувайсар;
3-орун — Матпазылов Адилет;
3-орун — Алмарбеков Камбар.
60 кг салмак категориясы боюнча жеңүүчүлөр:
1-орун — Калыбеков Султан;
2-орун — Насирдинов Махмуд;
3-орун — Мирбеков Даниэл;
3-орун — Жолчугулов Ынтымак.
110 кг салмак категориясы боюнча жеңүүчүлөр:
1-орун — Советбеков Кутман;
2-орун — Нурбеков Нурэл;
3-орун — Анарбеуов Буян;
3-орун — Кадырбеков Иляс.
Мелдештин жыйынтыгында чемпиондор жана байге ээлери тиешелүү даражадагы дипломдор жана медалдар менен сыйланышты.
Биринчиликтин уюштуруучусу Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти болду.




