Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасына ылайык, борбор калаада жер мунапысы боюнча иштер үзгүлтүксүз уланууда.
Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай курулуш жана шаар куруу департаменти райондук администрациялар жана ыйгарым укуктуу органдар менен биргеликте жер мунапысына туш болгон объекттер боюнча ишин улантууда.
Ленин райондук комиссиясы тарабынан тиешелүү корутунду даярдоо үчүн Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгына 131 материал жөнөтүлдү.
Биринчи Май райондук комиссиясы тарабынан 159 каралып жактырылды.
Бул багыттагы иштер уланууда.

