Жаңы жылдын алдында «Айданек» турмуштук оор кырдаалда турган балдарды реинтеграциялоо борборунда тарбиялануучулар үчүн жаңы жылдык иш-чара өттү.

Балдар тарбиячылары менен бирге майрамдык программа даярдап, ага өз аракетин жана чын жүрөктөн чыккан сезимдерин арнашты. Ырлар, бийлер жана чакан сахналык номерлер майрамдык маанайды жаратып, кубанычка бөлөдү.

Бул өзгөчө күндү тарбиялануучулар менен бөлүшүүгө Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаментинин директору Айзада Жунусова жана КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери келишти. Коноктор балдарды келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктап, ден соолук, ийгилик жана тилектеринин орундалышын каалашты.

Майрамдын соңунда балдарга жаңы жылдык белектер тапшырылды.

Бул күн борбордун тарбиялануучуларына чын жүрөктөн чыккан эмоцияларды, көңүл бурууну жана камкордукту тартуулады.