Ала-Тоо аянтында 2026-Жаңы жылды майрамдоонун алкагында масштабдуу иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын убактылуу милдетин аткаруучу Жылдызбек Абдраимов жана мэрдин орун басарлары катышты.
Шаар башчысы калаа тургундарын жана борбор калаанын конокторун келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктап, 2025-жылы шаарды өнүктүрүүдөгү маанилүү долбоорлорду белгилеп өттү.
«Мэрия быйыл ири долбоорлорду ишке ашырды. Баарыңыздарга белгилүү болгондой, бул — “Алга” спорттук комплекси, “Жаштык” аренасы, катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетип, электр энергиясын өндүргөн эко-технологиялык завод. Бул завод Борбор Азиядагы алгачкы болуп саналат, ошондой эле башка инфраструктуралык жана маанилүү объектилер да ишке киргизилди. Шаарыбыз өнүгүп, гүлдөп-өсө берсин. 2026-жылы да жетишкендиктерибиз улана берет деген ишеничтемин», — деп кошумчалады мэр.
Мэрдин салтанаттуу куттуктоосунан кийин шаар тургундары жана коноктор үчүн майрамдык программа улантылып, сахнада кыргыз эстрадасынын жылдыздары чогулгандарга майрамдык маанай жана кубаныч тартуулашты.
Урматтуу шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору! Бишкек шаарынын мэриясы сиздерди келе жаткан Жаңы 2026- жыл — жылкы жылы менен куттуктайт!
Жаңы жыл сиздерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, тынчтык, чоң ийгиликтерди алып келсин! Жаңы жылыңыздар менен!






















