Бүгүн, 2026-жылдын 1-январында, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Чыңгыз Айтматов проспектисинде жер алдындагы жөө өтмөктөрдү жана заманбап аялдама комплекстерди куруу иштерине старт берди.

Долбоордун алкагында Семетей көчөсүнөн А. Масалиев проспектисине чейинки тилкеде 4 жер алдындагы өтмөктү куруу пландалууда. Ч.Айтматов проспектисиндеги бир жер алдындагы өтмөк пайдаланууга берилди. Мындан тышкары, Ахунбаев көчөсүнөн Семетей көчөсүнө чейинки аралыкта заманбап талаптарга жооп берген 16 жаңы аялдама  комплекси орнотулат.

Курулуш иштеринин башталышына байланыштуу Чыңгыз Айтматов проспектисинин А. Масалиев проспектисинен Семетей көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылды.

Шаар башчысы бардык тиешелүү шаардык кызматтарга иштердин сапатын жогорку деңгээлде камсыздоону, ошондой эле курулушту белгиленген мөөнөттөрдө бүтүрүүнү тапшырды. Бул шаар тургундары үчүн максималдуу ыңгайлуулукту камсыз кылууга багытталган.

Белгилей кетсек, иштер майрамдык эс алуу күндөрүндө башталды. Бул шаардыктарга келтирилген ыңгайсыздыктарды азайтуу максатын көздөйт.