Бишкектеги Куликовская, Славянская жана Рыбинский көчөлөрүндө канализация куруу иштери жүрүп жатат.
Буга байланыштуу, 2026-жылдын 4-январынан 5-январына чейин Буденный көчөсүнүн Жибек-Жолу проспектисинен ЧЧКга чейинки бөлүгү жол кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Бул мезгилде аталган жерде канализация куруу иштери жүргүзүлөт.
Траншеянын орточо туурасы 1,2 метрди түзөт. Ишти Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы жүргүзүп жатат, ал эми подрядчы - "Агат КЖ-Строй" ЖЧКсы.