2026-жылдын 9-январында Бишкек шаарынын Свердлов районунда үй-бүлөлөр арасында «Атам, апам жана мен – дени сак үй-бүлө» аттуу райондук спартакиада өттү.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын Свердлов административдик району боюнча муниципалдык администрациясынын башчысынын орун басары Айнура Арстамбекова катышты. Ардактуу коноктор катышуучуларга оюндарда активдүүлүктү, спорттук маанайды жана жеңиштерди каалашты.
Спартакиадага 7 үй-бүлө катышып, команда түзүштү. Командалардын курамына ата-энелер жана 7 жаштан 15 жашка чейинки балдар кирди. Катышуучулар спорттун жети түрү боюнча күч сынашты: улуттук оюн «Үч тапан чүкө», топ менен чуркоо, аркан менен секирүү, таякча менен эстафета, аркан тартыш, мык кагуу жана кап менен секирүү.
Эстафетанын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр:
•I орун — №301 МАБ, «Комета» командасы;
•II орун — №302 МАБ, «Алга» командасы;
•III орун — №307 МАБ, «Восток» командасы.
Жеңүүчүлөр жана байге ээлери кубоктор, медалдар жана дипломдор, ошондой эле баалуу сыйлыктар менен сыйланышып, чемпиондорго микротолкундуу меш, экинчи орунду алгандарга тиричилик техникасы, үчүнчү орунга Bluetooth-колонка тапшырылды.
Белгилей кетсек, бул спартакиада Бишкек шаарынын бардык төрт районунда жыл сайын өткөрүлөт. Райондук этаптардын жыйынтыгы боюнча мыкты командалар шаардык этапка жолдомо алып, жеңиш үчүн күрөштү улантышат.
Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти жана Свердлов администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясы менен биргеликте өткөрдү.












