Бүгүн, 2026-жылдын 12-январында, Чыңгыз Айтматов проспектисинин Семетей көчөсүнөн А.Масалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды.
Аталган тилкеде жер алдынан өтүүчү 4 өтмөк курулган. Ар бир өтмөктүн узундугу 33,5 метрди, туурасы 4 метрди түзөт.
Учурда өтмөктөрдүн ичин жасалгалоо жана тепкичтерди куруу иштери уланууда.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасы боюнча курулуш иштери шаар тургундарына ыңгайсыздык жаратпоо жана транспорттук тыгындарды азайтуу максатында майрамдык эс алуу күндөрүндө жүргүзүлдү.


