Бишкек шаарынын Ленин районунда «Атам, апам жана мен – дени сак үй-бүлө» аталышындагы үй-бүлөлөр арасындагы спартакиада өттү.

Мелдешке 7 үй-бүлөлүк команда катышып, курамына аталар, энелер жана 7 жаштан 15 жашка чейинки балдар кирди. Катышуучулар жети түрдүү оюнда күч сынашты: улуттук оюн «Үч тапан чүкө», топ алып чуркоо, секиргич менен эстафета, таяк менен эстафета, аркан тартыш, мык кагуу жана капчан секирүү.

Эстафетанын жыйынтыгында байгелүү орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
•I орун –  №103 МАБ , «Ак Илбирс» командасы;
•II орун – №104 МАБ , «Арча-Бешик» командасы;
•III орун – №103 МАБ , «Тумар» командасы.

Жеңүүчүлөр жана байге ээлери кубок, медаль, диплом жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты: биринчи орунга — аэрогриль, экинчи орунга — микротолкундуу меш, үчүнчү орунга — чаң соргуч ыйгарылды. Байге албай калган командаларга активдүү катышканы үчүн ыраазычылык сертификаттары тапшырылды.

Иш-чаранын уюштуруучусу — Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти.