Теннис, паралимпиадалык жана күч түрлөрү боюнча Олимпиадалык резервдеги адистештирилген өспүрүм - балдар мектебинин тарбиялануучулары Алиджан Ибрагимовдун элесине арналган өспүрүмдөр жана кыздар арасындагы стол үстүндөгү теннис боюнча эл аралык турнирге катышышты.
Мелдештер 2026-жылдын 3–6-январы күндөрү Токмок шаарында өтүп, ага Кыргыз Республикасынын жана Казакстандын ар кайсы аймактарынан 150гө жакын спортчу катышты.
Жыйынтыгында Теннис, паралимпиадалык жана күч түрлөрү боюнча ОРАБӨМдүн тарбиялануучулары төмөнкүдөй жетишкендиктерге жетишти:
Жеке эсеп (кыздар):
* II орун – Раяна Мураталиева ;
* III орун – Сафия Бахаутдинова ;
Жуптук эсеп (кыздар):
* II орун – Алия Шейшенова жана Айназик Шейшенова
Жеке эсеп (балдар):
* I орун –Мавланхан Бахаутдинов;
* I орун – Арнас Темиркулов.
