Токмок шаарында Алиджан Ибрагимовдун жаркын элесине арналган өспүрүмдөр жана кыздар арасында стол тенниси боюнча эл аралык турнир өттү. Мелдешке Кыргыз Республикасынын ар кайсы аймактарынан жана Казакстан Республикасынан келген 150гө жакын спортчу катышты.
Бул турнирге Бишкек шаарындагы стол тенниси жана улуттук спорт түрлөрү боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген өспүрүм балдар мектебинин тарбиялануучулары катышып, жогорку даярдык деңгээлин көрсөтүп, мыкты жыйынтыктарга жетишишти.
ОРАБӨМдүн тарбиялануучуларынын жыйынтыктары:
Кыздар арасында жеке разряд:
2013-жылы туулгандар жана андан кичүүлөр:
* Даяна Алмазбекова — I орун;
* Арууке Мамасалиева — II орун.
2009–2010-жылкы:
* Жанайым Аристаналиева — III орун.
2006–2008-жылкы:
* Рамида Абдимиталипова — I орун;
* Нурайым Аристаналиева— III орун.
Кыздар арасында жуптук разряд (2011–2012-жылкы):
* Амина Токторбаева — I орун;
* Каныкей Рысмендева, Айбийке Аалиева — III орун.

