Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү департаменти №87 орто мектепте орун алган окуя боюнча атайын комиссия түздү. Текшерүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын одоно бузулушу аныкталды. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын «Балдар жөнүндө» кодексинин, «Билим берүү жөнүндө» мыйзамынын, «Жалпы билим берүүчү уюмдар жөнүндө» типтүү жобонун, ошондой эле педагогикалык кесиптик этиканын нормалары сакталган эмес.
Аныкталган мыйзам бузуулар жашы жете элек окуучунун укуктарына шек келтирген. Мындай көрүнүштөргө жол берилбейт.
Комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен мектеп директоруна карата тартиптик жаза колдонулду, ал эми мугалим белгиленген тартипте, ээлеген кызматынан бошотулду.
Балдардын укуктарын сактоо жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү департаментинин туруктуу көзөмөлүндө турат.