Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин бир нече жолку жеринде текшерүү жүргүзгөнү, катуу тартиби менен кадрдык чечимдеринин, анын ичинде Октябрь районунун акиминин орун басарын кызматтан бошотуу чечиминин негизинде, объекттеги иштер жанданып, №56 орто мектептин спорт залынын капиталдык курулушу жыйынтыкталды.
2025-жылдын сентябрынан декабрь айына чейинки аралыкта Бишкек шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан мектептин спорт залына капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, пайдаланууга берилди.
Оңдоо иштеринин алкагында дубалдардын эскирип калган шыбак катмары алынган, андан соң жаңыдан шыбак тартылып, эшик-терезелер алмаштырылган жана боелгон. Чирип кеткен жыгач пол толугу менен алынып, анын ордуна бетон негизи куюлуп, заманбап экологиялык жактан таза спорттук линолеум төшөлгөн.
Узак жылдар бою иштебей келген кийим алмаштыруучу бөлмөлөр жана санитардык түйүндөр калыбына келтирилип, кайрадан пайдаланууга берилди. Ошондой эле ички инженердик коммуникациялар жаңыланып, ички жасалгалоо иштери толук аткарылды.
Мындан тышкары, спорт залга заманбап желдетүү системасы орнотулуп, спорттук жабдуулар толугу менен жаңыртылды. Анын ичинде тартынма турниктери, волейбол жана баскетбол ойноочу аянтчалар, ошондой эле башка спорттук жубдуулар орнотулду.
Курулуш иштери «Трисс» ЖЧКсы тарабынан аткарылды.




