2026-жылдын 16-январында Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда «Атам, апам жана мен – дени сак үй-бүлө» аталышындагы үй-бүлөлөр арасында райондук спартакиада өткөрүлдү.
Мелдешке 7 жаштан 15 жашка чейинки балдары менен чогу атасы жана апасы болуп 9 үй-бүлөлүк команда катышты. Катышуучулар программанын жети түрү боюнча күч сынашты: улуттук «Үч тапан чүкө» оюну, топту секиртип чуркоо, секиргич менен эстафета, таякча менен эстафета, аркан тартыш, мык кагуу жана кап менен секирүү.
Мелдештин жыйынтыгы боюнча байгелүү орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
•I орун - №204 МАБ, «Касым» командасы;
•II орун - №205 МАБ, «Шумкар» командасы;
•III орун - №202 МАБ, «Намыс» командасы.
Жеңүүчүлөр жана байге ээлери кубоктор, медалдар жана дипломдор менен сыйланышты.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» аттуу Жарлыгын кеңири жайылтуу, үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө жана спорт аркылуу үй-бүлө институтун өнүктүрүү максатында, «Дени сак үй-бүлө – жаркын келечек» аттуу спорттук мелдештин алкагында өткөрүлдү.
Иш-чаранын уюштуруучусу катары Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти салттуу түрдө чыкты.









