Абанын температурасы кескин төмөндөгөнүнө байланыштуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жана мэрдин орун басары Нургазы Курманбеков Бишкек жылуулук электр борборунда текшерүү жүргүзүштү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө шаар башчысы станциядагы учурдагы температуралык режим жана электр жүктөмдөрү менен таанышып, ишкананын күчөтүлгөн шартта иштөөгө даярдыгын текшерди.

Калкты үзгүлтүксүз электр жана жылуулук менен камсыз кылуу максатында ЖЭБде авариялык бригадалар күчөтүлүп, техникалык жана ыкчам кызматкерлердин суткалык нөөмөтү уюштурулду. Ошондой эле негизги жана кошумча жабдуулардын ишине көзөмөл күчөтүлдү.

Ишкананын бардык кызматтары туруктуу байланышта болуп, мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүүгө даяр.

Бишкек ЖЭБи аба ырайынын суук шарттарында керектөөчүлөрдү жылуулук жана электр энергиясы менен туруктуу камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүүдө.

Текшерүүнүн жыйынтыгында мэр Айбек Джунушалиев ЖЭБдин ишин өзгөчө көзөмөлдө кармоону жана бардык өндүрүш процесстерине катуу мониторинг жүргүзүүнү тапшырды.