«Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасында коомдук транспорттун айдоочулары тарабынан жол кыймылынын эрежелерин сактоо жана жол коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча жыйын өткөрүлдү.

Жыйындын алкагында Бишкек шаарында жүргүнчүлөр агымы көп болгон аялдамаларда ар жуманын шейшемби, бейшемби жана жума күндөрү өткөрүлүп жаткан рейддик иш-чаралардын жыйынтыктары талкууланды. Ошондой эле жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу максатында айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кошумча инструктаждар өткөрүлдү.

Жыйынга «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын директору Т.Т. Капаров, ишкананын жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы А.С. Койшыбаев, ошондой эле ИИББнын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн өкүлдөрү катышты.

Талкуунун жүрүшүндө жол-транспорт кырсыктарынын негизги себептери каралып, коомдук транспорт айдоочуларынын жоопкерчилигин жогорулатууга жана жол кыймылынын эрежелерин сактоону көзөмөлдөөнү мындан ары күчөтүүгө багытталган бир катар сунуштар айтылды.

Коомдук транспорттун жүргүнчүлөрүнүн коопсуздугу жана ыңгайлуулугу негизги приоритет болуп саналат жана бул багыттагы иштер туруктуу негизде улантылат.