«Санариптик технологиялар борбору» муниципалдык ишканасы «Менин шаарым» мобилдик тиркемесинин жаңыртылган версиясы чыгарылганын билдирет.
Тиркемеге суу менен камсыздоонун пландуу жана авариялык өчүрүүлөрү тууралуу, тургундарды ыкчам кабардар кылуучу функция киргизилди. Билдирүүлөр колдонуучуларга түздөн-түз ыңгайлуу санарип форматта жөнөтүлөт.
Жекелештирилген билдирүүлөрдү алуу үчүн тиркемени акыркы версиясына чейин жаңыртып, жеке кабинетте өздук эсепти сактоо зарыл. Бул сервистин туура иштешин жана тиркеменин бардык функцияларына жеткиликтүүлүктү болушун камсыздайт.
«Менин шаарым» тиркемеси мобилдик тиркемелердин расмий дүкөндөрүндө жаңыртуу үчүн жеткиликтүү.
