Бишкек шаарында муниципалдык аймактарды бошотуу жана тартипке келтирүү максатында Лев Толстой көчөсүндө рейддик иш-чара өткөрүлдү.
Рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз орнотулган объектилер демонтаждалды. Тактап айтканда, тосмо катары колдонулган 96 даана дөңгөлөк, 172 жарнамалык конструкция жана 18 металл тосмо алынып салынды.
Жалпысынан 286 объект демонтаждалды.
Мындан тышкары, аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 107-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык протоколдор түзүлдү.









