Бишкек шаарында суу коргоо зоналарында мыйзамсыз жайгашкан объекттерди бузуу боюнча пландуу иштер уланууда.
Учурда Аламедин дарыясынын нугунда жайгашкан «Кекеев» кафесин бузуу иштери жүргүзүлүүдө. Натыйжада жалпы аянты 2 380 чарчы метр болгон муниципалдык жер бошотулду. Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан доо-кат (эскертүү) кат берилгенден кийин, объекттин ээлери демонтаж иштерин өз ыктыяры менен башташты.
Бишкек шаарынын мэриясынын комиссиясы тарабынан ижара келишимин бузуу жөнүндө чечим кабыл алынды.
Жалпысынан 2025-жылы шаардагы бардык суу коргоо зоналарында 380 объект демонтаждалды, анын ичинен 48 капиталдык курулуш, 332 жеңил типтеги объект. Бул багыттагы иштер улантылууда.



