Беларусь тараптын демилгеси менен Бишкек шаарынын мэриясында видеоконференция форматында экология маселелерине, катуу тиричилик калдыктарын башкарууга жана таштандыларды кайра иштетүү жаатында эл аралык тажрыйба алмашууга арналган жумушчу жолугушуу болуп өттү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев, Кыргыз Республикасындагы Беларусь Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сергей Молунов, Беларусь Республикасынын Турак жай-коммуналдык чарба министри Геннадий Трубило жана Беларусь Республикасынын Табигый ресурстар жана айлана-чөйрөнү коргоо министри Сергей Масляк катышты.

Мэрдин орун басары Рамиз Алиев Бишкек шаарында экология тармагында ишке ашырылып жаткан долбоорлор жана кытай компаниясы менен кызматташуунун алкагында топтолгон тажрыйба тууралуу маалымат берди. Тактап айтканда, Бишкек шаардык санитардык полигондун аймагында катуу тиричилик калдыктарын утилизациялоо аркылуу электр энергиясын өндүргөн эко-технологиялык завод ишке берилгенин белгиледи. Бул объект таштандыларды утилизациялоо жолу менен электр энергиясын өндүргөн, Борбор Азияда теңдеши жок алгачкы ишкана болуп саналат.

Жолугушууда беларусь тараптын катышуусу менен сорттоо линияларын киргизүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Таштандыны сорттоо программасынын алкагында заводго түшкөнгө чейин алдын ала сорттоону камсыз кылган заманбап сорттоо линиясы сатылып алынган. Бул келечекте кайра иштетилген материалдардан шаардык көрктөндүрүү элементтерин чыгарууга шарт түзөт.

Жолугушуунун соңунда мэрдин орун басары беларусь тараптын өкүлдөрүн Бишкек шаарына келип, эко-технологиялык заводдун иши менен таанышууга жана биргелешкен кызматташуунун келечегин жеринде талкуулоого чакырды.

Тараптар конструктивдүү диалог үчүн бири-бирине ыраазычылык билдирип, экология жана туруктуу өнүгүү тармагында өнөктөштүктү мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташты.