Борбор калаады Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директору Каныбек Жолчубековдун төрагалыгы алдында Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектептеринин (ОРАБӨМ) директорлору менен жумушчу кеңешме өткөрүлдү.
Кеңешменин жүрүшүндө Бишкек шаарында балдар-өспүрүмдөрдүн жана профессионалдык спортту өнүктүрүүнүн негизги багыттары талкууланды. Айрыкча бюджеттик каражаттарды пландаштыруу жана натыйжалуу пайдалануу, ошондой эле шаардык биринчиликтерди, республикалык жана эл аралык чемпионаттарды уюштуруу жана өткөрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Ошондой эле спорттук мектептердин ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, жогорку деңгээлдеги спортчуларды даярдоо үчүн шарттарды түзүү жана борбор калаанын спорттук резервин мындан ары өнүктүрүү маселелери кеңири каралды.
Белгилей кетсек, учурда Бишкек шаарында 12 Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектептери иш алып барып, алар келечектүү спортчуларды даярдоодо жана борбордун спорттук потенциалын калыптандырууда маанилүү ролду ойношот.


