2026-жылдын 16–17-январында Бишкек шаарында дзюдо боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты өтүп, ага өлкөнүн 7 облусунан 500дөн ашуун спортчу катышты.

Чемпионаттын жыйынтыгында Спорттун жекеме-жеке түрлөрү боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин (ОРАБӨМ) спортчулары жогорку техникалык жана тактикалык даярдык деңгээлин көрсөтүп, бир катар салмак категорияларында чемпиондук жана байгелүү орундарды багындырышты.

Чемпиондор:
•Сабыров Руслан — 73 кг (I орун);
•Мелисов Данияр — 90 кг (I орун);
•Полтушев Даут — 100 кг (I орун);
•Сухинин Илья — +100 кг (I орун);
•Кожомбердиева Сабира — 52 кг (I орун);
•Турдажиева Акмаржан — 78 кг (I орун);
•Калыева Айдеми — +78 кг (I орун).

Чемпионаттын байге ээлери:
•Ихров Муслим — 73 кг (II орун);
•Анарбеков Арсен — 81 кг (II орун);
•Абдразаков Шамиль — 90 кг (II орун);
•Исмагомбетов Фадиль — 100 кг (II орун);
•Полтушев Данияр — +100 кг (II орун);
•Тобокелова Жибек — 52 кг (II орун);
•Калыбеков Сейтек — 60 кг (III орун);
•Кубанычбек Нургазы — 60 кг (III орун);
•Исаков Дастан — 66 кг (III орун);
•Ырысдолотов Мухамедали — 90 кг (III орун);
•Ворошилин Никита — 100 кг (III орун);
•Сапаралиев Исхак — +100 кг (III орун);
•Адаминова Айгерим — 57 кг (III орун);
•Сайдакматова Айдай — 78 кг (III орун).

Чемпионаттын жыйынтыгы боюнча аталган спортчулар Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын талапкерлери жана мүчөлөрү катары тандалып алынып, Азия жана дүйнө чемпионаттарына, ошондой эле Дзюдо федерациясынын календардык планына ылайык өткөрүлүүчү башка эл аралык деңгээлдеги мелдештерге катышат.