2025-жылдын декабрь айынын аягынан тарта Бишкек шаарындагы «Асылбаш» спорт комплексинде конуштар арасында волейбол боюнча турнир өткөрүлүп, ал 2026-жылдын 20-февралына чейин уланат.

Мелдешке Ак-Орго конушунан 3 команда, Ак-Ордо конушунан 2 команда, ошондой эле Арча-Бешик жана Орок конушунун командалары катышууда. Турнирге жалпысы 196 окуучу, анын ичинде кыздар жана балдар катышууда.

Бул турнир балдарды спортко тартуу, ден соолукту чыңдоого багытталган активдүү жашоо образын калыптандыруу, ошондой эле бош убакытты пайдалуу өткөрүүгө шарт түзүү максатында уюштурулган. Айрыкча конуштарда жашаган балдарга көңүл бурулуп, аларга өз мүмкүнчүлүктөрүн спорт аркылуу көрсөтүүгө шарт түзүлүүдө.

Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти уюштурду.