Таш-Дөбө айылында С. Джуманазаров атындагы Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин (ОРАБӨМ) биатлон боюнча ачык биринчилиги, ошондой эле Кыргыз Республикасынын биатлон боюнча чемпионаты ийгиликтүү өткөрүлдү.
Ачык биринчилик төмөнкү жаш курактык топтор арасында өткөрүлдү: 2008-жылы туулган жана улуу, 2009–2010-ж.т., 2011–2012-ж.т., 2013-жылы туулган жана андан кичүүлөр. Ал эми Кыргыз Республикасынын чемпионатына 2008-жылы туулган жана улуу, 2009–2010-жылдары туулган спортчулар катышты.
Жалпысынан мелдешке Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын балдар-өспүрүмдөр спорт мектептеринен 74 спортчу катышты, алардын 35и С. ДЖуманазаров атындагы ОРАБӨМдүн биатлон бөлүмүнүн тарбиялануучулары болду.
Мелдештин максаты жана милдеттери - балдар жана өспүрүмдөрдү биатлон спортуна кеңири тартуу, сергек жашоо образын жайылтуу, спорттук разряддарды аткаруу жана жогорулатуу, жеңүүчүлөрдү жана байгелүү орун ээлерин аныктоо, ошондой эле курама команданын мелдеш жыйынтыктарын чыгаруу болуп саналат.
Мелдешти уюштуруучу - С. Джуманазаров атындагы ОРАБӨМ. Мектептин тарбиялануучулары арасында ОРАБӨМдүн ачык биринчилигинин жыйынтыктары:
7,5 км спринт (юниорлор, 2008-ж.т. жана улуу):
1-орун — Сапарбеков Артур;
2-орун — Жумалиев Нурислам;
3-орун — Сапарбеков Бектур.
7,5 км спринт (өспүрүмдөр, 2009–2010-ж.т.):
1-орун — Белекбаев Алишер.
3 км спринт (өспүрүмдөр, 2011–2012-ж.т.):
1-орун — Жумалиев Саид.
1,5 км спринт (балдар, 2013-ж.т. жана кичүүлөр):
1-орун — Максатов Эрбол.
6 км спринт (юниор кыздар, 2008-ж.т. жана улуу):
1-орун — Таалайбекова Бахиана;
2-орун — Таалайбекова Диана.
6 км спринт (кыздар, 2009–2010-ж.т.):
1-орун — Казиева Акылай;
2-орун — Токтосунова Карылгач.
3 км спринт (кыздар, 2011–2012-ж.т.):
1-орун — Токтосунова Айлин.
1,5 км спринт (кыздар, 2013-ж.т. жана кичүүлөр):
4-орун — Таалайбекова Каныкей.
С. Жуманазаров атындагы СДЮШОРдун тарбиялануучулары арасында Кыргыз Республикасынын чемпионатынын жыйынтыктары:
5 км спринт, жеке жарыш (юниорлор, 2008-ж.т. жана улуу):
1-орун — Сапарбеков Артур;
2-орун — Жумалиев Нурислам;
3-орун — Сапарбеков Бектур.
5 км спринт, жеке жарыш (өспүрүмдөр, 2009–2010-ж.т.):
5-орун — Белекбаев Алишер.
3 км спринт, жеке жарыш (юниор кыздар, 2008-ж.т. жана улуу):
2-орун — Таалайбекова Диана;
3-орун — Таалайбекова Бахиана.
3 км спринт, жеке жарыш (кыздар, 2009–2010-ж.т.):
1-орун — Токтосунова Карылгач;
2-орун — Казиева Акылай;
3-орун — Токтосунова Айлин.




