Теннис, паралимпиадалык жана күч спорт түрлөрү боюнча Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөрдүн мектебинин директору болуп Ибраимов Данияр Анарбекович дайындалды.

Буга чейин Данияр Анарбекович оор атлетика боюнча ОРАБӨМдүн директорунун орун басары кызматын аркалап келген.

Мектептин жамаатына жаңы жетекчини Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директору Каныбек Жолчубеков тааныштырды.

Тааныштыруу учурунда командалык иштин маанилүүлүгү, спорттук мектептин ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана спортчуларды даярдоонун артыкчылыктуу багыттарын мындан ары өнүктүрүү зарылдыгы белгиленди.