2026-жылдын 4-февралында Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономика университетинин жыйындар залында ишкерлер менен жолугушуу өткөрүлдү.
Жолугушууда керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүүдө мамлекеттик тилди кеңири колдонуу жана тышкы жарнамаларды мыйзам талаптарына ылайык келтирүү маселелери талкууланды.
Жолугушуу "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын ишке ашыруунун алкагында Бишкек шаарынын мэриясы, Биринчи май райондук администрациясы жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия менен биргеликте уюштурулду.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, Бишкек шаарынын мэриясынын жана Биринчи май райондук администрациясынын өкүлдөрү, ошондой эле соода жана калкка кызмат көрсөткөн мекеме-ишканалардын расмий өкүлдөрү катышты.
Жолугушуу учурунда ишкерлерге керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүүдө мамлекеттик тилди кеңири колдонуу, тышкы жарнамалардын мамлекеттик тилдеги тексттерин макулдашуу жана көрүнөө маалыматтарды мыйзам талаптарына ылайык келтирүү зарылдыгы айтылып, тийиштүү маалыматтар берилди.
Иш-чаранын катышуучулары суроолорду берип, ыйгарым укуктуу органдардын өкүлдөрүнөн кеңири жоопторду жана түшүндүрмөлөрдү алышты.
Ишкерлер менен ушундай жолугушуулар Бишкек шаарынын башка райондорунда 2026-жылдын 6-февралына чейин өткөрүлөт.




