2026-жылдын 4-февралында, Ала-Тоо аянтында шаардагы жашоочулар үчүн уюштурулган муз үстүндөгү майрам уланды.

Турмуштук оор кырдаалда турган Биринчи Май районунундагы 100 балага жылуу, майрамдык жана достук маанайда эс алып, убакытты кызыктуу өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Муз үстүндө коньки тебүү иш-чарасы Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан «Северное сияние» командасы менен биргеликте уюштурулду. Ошондой эле иш-чаранын катышуучулары үчүн Биринчи Май райондук администрациясы тарабынан ысык тамак уюштурулду.

Иш-чаранын негизги максаты - балдардын ден соолугун чыңдоо, активдүү жана сергек жашоо образына калыптандыруу, өспүрүмдөрдү спорттук оюндарга тартуу, ошондой эле достукту жана ынтымакты бекемдөө болуп саналат.

Катышуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында иш-чара учурунда медициналык кызматкерлер, жашы жете электердин иштери боюнча инспекциянын кызматкерлери жана педагогдор нөөмөттө болушту.