2026-жылдын январь айында Ленин районунун аймагында Ленин райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан райондук ички иштер башкармалыгы жана башка тиешелүү кызматтар менен биргеликте «Балдар эмгеги» жана «Селсаяк» аттуу профилактикалык акциялардын алкагында рейддик иш-чаралар өткөрүлдү.

Рейддердин негизги максаты балдарды эмгектин эң начар формаларына тартуунун алдын алуу жана мындай фактыларга бөгөт коюу, иштеп жаткан балдарды аныктоо, ошондой эле чоңдордун көзөмөлүсүз калган жана кайыр сурап жүргөн жашы жете элек өспүрүмдөрдү аныктоо болуп саналат.

Өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында жалпысынан 18 жашы жете элек бала аныкталды. Анын ичинен:
11 бала түнкү убакта коомдук жайларда мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосуз жүргөн;
7 жашы жете элек өспүрүм окуу процессинен тышкары, күндүзгү убакта иш орундарында аныкталган.

Бардык жашы жете элек балдар ата-энелеринин же аларды алмаштырган мыйзамдуу өкүлдөрүнүн көзөмөлүнө өткөрүлүп берилди.

Шаардын башка райондорунда жашаган 6 жашы жете элек өспүрүм боюнча жашаган жери боюнча тиешелүү чараларды көрүү үчүн расмий каттар жөнөтүлдү.

Ленин районунун аймагында жашаган 12 жашы жете элек өспүрүм жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрү менен түшүндүрүү жана профилактикалык мүнөздөгү маектер өткөрүлдү.

Бул багыттагы профилактикалык иш-чаралар улантылууда.