2026-жылдын 5-февралында Свердлов районунун аймагындажайгашкан калкты тейлөө борборлорунун, калкты жанажарандык абалдын актыларын каттоо мекемелеринин, ирисоода борборлорунун, оюн-зоок жана эс алуу борборлорунун, сулуулук салондорунун, банктардын, базарлардын, кафе-ресторандардын, тез тамактануучу жайлардын, мейманканалардын, спорт комплекстеринин, кинотеатрлардын, типографиялардын жана дүкөндөрдүнжетекчилери жана расмий өкүлдөрүнүн катышуусу мененжыйын өткөрүлдү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштууМамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттуккомиссиянын төрагасыМелис Мураталиев, Улуттук комиссиянын бөлүм башчысыАлмагүл Телекманова, жетектөөчү адиси АйнураСооронбаева, талдоо жана мониторинг бөлүмүнүн башчысыГүлнур Капарова, ошондой эле Бишкек шаарынынмэриясынын борбордук аппаратынын мамлекеттик тил жанаредакциялоо бөлүмүнүн башчысы Эльвира Ниязбекова катышты.
Жыйындын жүрүшүндө калкка кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөмамлекеттик тилди кеңири колдонуу, жарнамаларды, көрүнөөмаалыматтарды жана тейлөө кызматтарын мамлекеттик тилмыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүү жанажарнаманын мамлекеттик тилде даярдалган тексттеринжергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен макулдашуу зарылдыгы тууралуу маселелер талкууланды.
Катышуучуларга кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө мамлекеттиктилдин ролун жогорулатуу боюнча бир катар практикалыксунуштар берилди.





