Бишкек шаарынын мэриясы курулуш компанияларын шаарды көрктөндүрүү эрежелерин катуу сактоо зарылдыгы тууралуу маалымдайт.
Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 29-августундагы №150 токтому менен бекитилген Бишкек шаарынын аймагын көрктөндүрүү эрежелеринин 172-пунктуна ылайык, курулуш объектилери курулуш аймагынан чыгып жаткан автотранспорт каражаттарынын дөңгөлөктөрүн тазалоо (жуу) пункттары менен милдеттүү түрдө жабдылышы керек. Дөңгөлөктөрдү тазалоо - милдеттүү талап болуп саналат.
Бул талаптардын сакталбашы жол бөлүгүнө ылай, топурак чыгышына алып келип, жол кыймылынын коопсуздугуна жана шаардык инфраструктуранын абалына терс таасирин тийгизет.
Ушуга байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясына курулуш объектилеринде көрктөндүрүү талаптарынын сакталышын туруктуу көзөмөлгө алуу, ошондой эле мыйзам бузуучуларга карата тиешелүү чараларды көрүү тапшырылды.
Курулуш компаниялары төмөнкүлөрдү камсыз кылууга милдеттүү:
1.курулуш объектилеринен чыгып жаткан бардык автотранспорт каражаттары үчүн дөңгөлөктөрдү жуу (тазалоо) пункттарын милдеттүү түрдө орнотуу жана алардын туруктуу иштешин камсыз кылуу;
2.курулуш аянтчаларынан ылайдын жана топурактын сыртка чыгышына жол бербөө;
3.курулуш объектилерине чектеш аймакты 15 метр радиуста өз убагында тазалоо.
Белгиленген талаптар аткарылбаган учурда Муниципалдык инспекция тарабынан мыйзам бузуучуларга Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.
Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаадагы тазалыкты жана тартипти камсыз кылуу - менчик формасына карабастан, борбор калаанын аймагында иш жүргүзгөн ар бир уюмдун, мекеменин жана ишкананын түздөн-түз жоопкерчилиги экенин эскертет.






