2026-жылдын 10-февралында саат 10:00дөн 22:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат.

Өчүрүү аймагы:
“Энергетиктер шаарчасы”

Суунун өчүрүлүшү Лебединовка айылындагы «Тунук- булак» суу алуучу жайында авариялык-оңдоо иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу.

"Бишкексууканал" МИси ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.